Факультет экономики и менеджмента

Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети

Факультеттин миссиясы

Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети университетте негизги факультттердин бири болуп саналат. Факультет 1949 жылы Кыргызстандагы биринчи инженердик факультет болуп уюштурулган. 70 жыл аралыгында суу чабасы жана мелиорация, жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография, ошондой эле айлана чөйрөнү коргоо боюнча 7 миңден ашык кесипкөй адистерди даярдап чыгараган. Факультет жогорку профессионалдуу билим берүү боюнча окуу программаларынын негизинде тармактын ишканалардын буюртмалары боюнча адистерди даярдайт. Бүгүнкү күндө факультеттин курамында Мелиорация жана суу ресурстарын башкаруу, тоо гидротехникалык курулмар, жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография, экология жана айлана чөйрөнү коргоо жана тарых жана философия кафедралары бар. Факультет төмөндөгү 5 багыт боюнча бакалаврларды жана магистрледи даярдайт. “Жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу”, “Курулуш”, “Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар”, “Геодезия жана аралыктан байкоо”, “Экология жана жаратылышты пайдалануу” Факультетте Борбордук Азиядагы жалгыз “Суу музейи” түзүлгөн.

Факультет төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды жана магистрледи даярдайт:

“Жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу” багыты боюнча бакалавр:
“Мелиорация, рекультивация жана жерлерди коргоо” профили;
“Айыл чарбасын суу менен камсыз кылуу, суу жеткирүү, ашыкча сууларды алып кетүү” профили;
“Курулуш” багыты боюнча бакалавр:
“Гидротехникалык курулуш” профили. “Экология жана жаратылышты пайдалануу” багыты боюнча бакалавр:
“Экология” профили. “Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар” багыты боюнча бакалавр:
“Жерге жайгаштыруу” профили; “Жер кадастры” профили. “Геодезия жана аралыктан байкоо” багыты боюнча бакалавр:
“Геодезия жана аралыктан байкоо” профили. “Жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу” багыты боюнча магистр; “Курулуш” багыты боюнча магистр;
“Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар” багыты боюнча магистр;
“Экология жана жаратылышты пайдалануу” багыты боюнча магистр; “Геодезия жана аралыктан байкоо” багыты боюнча магистр;