Факультет экономики и менеджмента

Экология жана айлана чөйрөнү коргоо” кафедрасы

“Экология жана айлана чөйрөнү коргоо” кафедрасынын тарыхы.

     “Экология жана айлана чөйрөнү коргоо” кафедрасы 1990-жылы түзүлгөн. Ушул тарыхый мезгилде кафедраны жетектеп турган доценттер: Малютина Р.М., Жунусова М.К., Жекшеналиев К.Дж., Карамолдоев Дж.Д., Самыкбаев А.К. 2005 жылдан -2022 жылга чейин  кафедра башчысы болуп а/ч.и.к. доцент Айдралиев О.К.  эмгектенген. 2022 жылдан бери кафедра башчысы болуп б.и.к. доцент  Таштанбекова М.М. жетектейт.

     Азыркы убакта иштеп жаткандар жана анын өнүгүүсүнө салым кошкондор  а/ч.и.д. профессор Самыкбаев А.К., доценттер Таштанбекова М.М., Тункатарова Э.И., Жээналиев А.,  улуу окутуучулар: Кенжебаева А.В., Джакшылыкова Ж.Б., Биримкулова Н.Т.,  Бектурганова Б.Ш., жана улуу лаборант Турсуналиева Б.М. Кафедрада 33дөн ашык дисциплина кыргыз жана орус тилдеринде өтүлөт.

БАГЫТТАР ЖАНА ПРОФИЛЬДЕРИ

«Экология жана жаратылышты пайдалануу» профили боюнча бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинде, Бишкек аймактык башкармалыгында, Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана алардын бөлүмдөрүндө (Кыргызгидромет, токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ж.б.) иштөө үчүн даярдалган адистер болуп саналат.. Ошондой эле, биздин бүтүрүүчүлөр айлана-чөйрөнү коргоо жана экология боюнча академиялык жана ведомстволук илимий уюмдарда иштей алышат.

Кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты илимий-изилдөө иштерине активдүү катышууда. Ошондой эле, кафедранын окутуучулары тарабынан системалуу түрдө усулдук көрсөтмөлөр иштелип чыгарылат.

Жарыяланган илимий макалалары жана монографиялары:

  • акыркы беш жылда 31 илимий макалалар жарык көргөн;
  • 2 монография жарык көргөн;
  • автордук күбөлүккө Кыргыз Республикасынын 6 патентти алынган.

Кафедранын студенттери жана окутуучулары жыл сайын ар кандай деңгээлдеги илимий конференцияларда баяндама жасашат. Конференциялардын жыйынтыгында макалалардын жыйнактары жана тезистери жарыкка чыгат. Студенттер дипломдор, сертификаттар, сыйлыктар менен сыйланышат. Сейдакматова М., 4-курстун студенти “Илимдин актуалдуу көйгөйлөрү: жаштардын көз карашы” аттуу ЖОЖдор аралык илимий конференцияга катышты ИСИТО, Бишкек, 2020 жылы. Капарбекова А. 3-курстун студенти “Туруктуу өнүгүү үчүн Борбордук Азия форумуна” активдуу катышып 1 орунду ээлеп, диплом менен сыйланды. Бишкекте, 2021-жылы, 11-12 ноябрда.

Айдралиев О.К. «Кыргыз Республикасындагы жапайы жаныбарлардын транс чек аралык ооруларына мониторинг жүргүзүү» долбооруна катышкан.

Самыкбаев А.К. – Диссертациялык кеңештин мүчөсү Д.06.17. 566

  1. Кафедранын ага окутуучулары кандидаттык диссертация жазууда: Кенжебаева А.В. кандидаттык диссертациянын темасы: “Чыгыш Ысык-Көл облусунун жээк зонасынын топурак жана өсүмдүктөр катмарына экологиялык жана биогеохимиялык баа берүү. Топурактагы жана өсүмдүктөрдүн курамындагы оор металлдарды изилдөө (кесүү, өсүмдүк органдары)”. Илимий жетекчиси: Женбаев Б.М., КР УИАнын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор.

 Кафедранын ага окутуучусу Б.Ш.Бектурганованын кандидаттык диссертациянын темасы: «Соң-Көл өрөөнүнүн топурак жана суусунун биотопторунун микробдук биологиялык ар түрдүүлүгү». Илимий жетекчиси: Дөөлөткелдиева Т.Д., биология илимдеринин доктору, профессор.

Кафедранын окутуучулары системалуу түрдө усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгышат.

  • Методические указания к выпускным квалификационным бакалаврским работам и магистерским диссертациям по направлению 520800 « Экология и природопользование» г. Бишкек, 2017г, түзгөндөр: Кенжебаева А.В., Таштанбекова М.М., Айдралиев О.К.,и др
  • Методические указания к семинарским и практическим занятиям по дисциплине «Особо охраняемые природные территории мира» для студентов сельскохозяйственных ВУЗов по направлению 520800 «Экология и природопользование» Бишкек, 2017г, түзгөндөр: Таштанбекова М.М., Керималиев Ж.К
  • Методические указания к лабораторно-практические занятиям по дисциплине «Экологические основы природопользования» для студентов по направлению 520800 “Экология и природопользование” Бишкек, 2018 г. түзгөндөр: Таштанбекова М.М., Кенжебаева А.В.,Джакшылыкова Ж.Б.
  • Методические указания к семинарским и практическим занятиям по дисциплине «Антропогенные ландшафты Кыргызстана» по направлению 520800 «Экология и природопользование» Бишкек, 2019г. түзгөндөр: Кенжебаева А.В., Тункатарова Э.И.,Джакшылыкова Ж.Ж., Биримкулова Н.Т., Бектурганова Б.Ш.
  • Методические указания к семинарским, практическим и лабораторным занятиям по дисциплине «Мониторинг окружающей среды и методы контроля» по направлению 520800 «Экология и природопользование» Бишкек, 2019г, түзгөндөр: Кенжебаева А.В., Таштанбекова  М.М., Бектурганова Б.Ш.
  • Методические указания: Поедаемость пастбищных растений. Бишкек -2012г. түзгөндөр: Самыкбаев А.К., Семенова Т.В., Дуйшеналиев Ж.Б.

 

  • Учебное пособие: Основы сельскохозяйственной экологии. Бишкек -2010г. түзгөндөр: Самыкбаев А.К., Семенова Т.В., Карабаева А.К.

Кафедранын курамы

Таштанбекова Маржан Мамбетакунова

Кафедра башчысы доцент

E-mail: marjan67@inbox.ru


Кеңири...

Самыкбаев Аманбай Калканович

ГМЭжЖФ деканы, профессор
E-mail: Samykbaev_aman@mail.ru
Кеңири...

Кенжебаева Айгуль Викторовна

доценттин м.а.
E-mail: sezim73@mail.ru
Кеңири...

Джакшылыкова Жыпаркул Бейшеналиевна

улук окутуучусу.
E-mail: jdjakshylykova1975@mail.ru
Кеңири...

Бектурганова Бааркул Шаршенбековна

улук окутуучусу.
E-mail: Baku_knau@mail.ru
Кеңири...

Турсуналиева Бегайым Майрамбековна

ассистент
E-mail: tursunalieva2021@bk.ru
Кеңири...