Факультет экономики и менеджмента

Гидротехникалык курулуш кафедрасы

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА МИССИЯСЫ

Гидротехникалык курулуш кафедрасы 1951-жылы негизделген жана факультеттин эң эски кафедраларынын бири болуп саналат. КР эмгек сиңирген ойлоп табуучусу КР УИА академиги Я.В. Бочкарев  20 жылдан ашык жетектеп, кафедранын өнүгүүсүндө чоң роль ойногон. Ар кайсы мезгилдерде кафедрада белгилүү көрүнүктүү окумуштуулар иштеген: академик Э.Э. Маковский, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери М.Н. Большаков, В.А. Рожнов профессор, техника илимдеринин доктору Жумабаев Б., Мельников Б.И., Лавров Н.

Кафедра калыптангандан баштап 6 доктролук жана 40 ашык кандидаттык диссертациялар жакталган. Кафедра негизиделгенден баштап аспиранттар жана окумуштуулар Франция, Кытай, Вьетнамдан, Орто Азия жана  Казакстан республикаларынан тажрыйбадан өтүшкөн.

Кафедрада туруктуулук, бекемдүүлүк, жаңы курулмалады иштеп чыгуу жана гидротехникалык курулмалардын гидравликасын автоматташтыруу иштери жүргүзүлөт. Кафедранын кызматкерлери жана студенттери аткарган илим изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары грамота, күбөлүк, патенттер менен белгиленип жана  өндүрүштөө кеңири колдонууга көрсөтмө алынган. Алардын ичинен 40  ашык гидравликалык авторегулятор, 2 суу алуучу курулманы  автоматташтыруу суу түйүнү, 20дан ашык автоматташтырылган суу бөлүштүргүч жана суу таштоочу курулма ишке берилген. Акыркы 5-жылда кафедрада 19 ойлоп табуу боюнча  Кыргыз республикасынын  патенти алынган.

2005-2021 жылдары кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент Бекбоева Р.С. жетектеп келген, гидротехника тармагындагы 80ден ашык ойлоп табуулардын автору.

Азыркы убакта кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент Баялиева Ж.А. жетектейт. Кафедрада т.и.д., профессор Бейшекеев К.К, т.и.д., профессор Логинов Г.И., доценттер Исмаилова К.Ж., Абдыгазиев К.К., Ботоканова Б.А, ага окутуучу Жамангапова А.К., инженер Жолдошева М. иштешет.

Кафедранын миссиясы эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алган, гидроэлектрстанцияларды, суу сактагычтарды, тоо кен ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана башка гидротехникалык курулуштарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу жана эксплуатациялоо боюнча ишмердүүлүк үчүн терең билимге жана кесиптик көндүмгө ээ болгон жогорку квалификациялуу адистерди жана илимий кадрларды даярдоо болуп саналат.Кафедра «Гидротехникалык курулуш» багыты боюнча бакалаврларды, ошондой эле «Гидротехникалык курулуш» магистратурасы боюнча магистрлерди даярдап чыгарат.КР гана эмес, бүткүл дүйнөдө: сугат дыйканчылыгына, гидроэнергетикага, жаңы плотиналарды, дамбаларды, суу алгычтарды жана башка гидротехникалык курулуштарды куруу жана калыбына келтирүү үчүн гидротехниктерге муктаждык өтө жогору.

Кафедранын бүтүрүүчүсү ГЭСтерди, суу сактагычтарды, тоо-кен ишканаларынын калдыктарын сактоочу жайларды ж.б. гидротехникалык курулуштарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууда жана эксплуатациялоодо, ошондой эле төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын түзүмдөрүндө иштей алат: Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, муниципалдык өз алдынча башкаруу органдары ж.б.

 

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Кафедра гидротехникалык курулумалардын туруктуулугун, бекемдигин, жаңы конструкцияларын иштеп чыгуу жана гидротехникалык автоматташтыруу боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Кафедранын кызматкерлери жана студенттери тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары дипломдор, сертификаттар, патенттер менен сыйланып, өндүрүшкө киргизилген, алардын ичинен 40тан ашыгы гидроавтоматтык суунун деңгээлин жөнгө салгычтар, 2 автоматташтырылган суу алуучу гидротүйүн, 20дан ашыгы автоматташтырылган суу бөлүштүрүүчү жана өткөрүп түшурүүчү курулмалар. Акыркы 10 жылдын ичинде кафедра ойлоп табууга КРнын 36 патентин алган.

Кафедра негизделгенден бери 6 докторлук жана 50дөн ашык кандидаттык диссертациялар корголгон. Кафедранын базасында ар кайсы жылдарда Франциядан, Кытайдан, Вьетнамдан, Орто Азия республикаларынан жана Казакстандан аспиранттар жана окумуштуулар даярдалган.

Окуу иштерин жүргүзүү үчүн кафедрада керектүү окуу-техникалык база бар. Кафедрада лабораториялык жана практикалык сабактар, ошондой эле магистранттар менен аспиранттардын илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүчү бир катар лабораториялар жана аудиториялар бар: гидравлика жана гидротехникалык курулуштар, насостор жана насостук станциялар, курулуш материалдар жана топурак (грунт) механикасы лабораториялары, макеттер жана приборлор менен жабдылган курулуш конструкцияларынын окуу кабинети.

Кафедранын курамы

Баялиева Жамиля Аскаровна

«Гидротехникалык курулуш» кафедрасынын башчысын доцентин милдетин аткаруучу

Ms.jamila62@mail.ru

Кеңири...

Исмаилова Кульнара Джанчаровна

доцент
gulnara_kuma@mail.ru
Кеңири...

АБДЫГАЗИЕВ КАЛЫСБЕК КАНЫМЕТОВИЧ

Е-mail: kalysbek_abdygaziev@ymail.com
Кеңири...

Ботоканова Бактыгул Асанкожоевна

ага окутуучу
Эл. почта: b993344@mail.ru
Кеңири...

Жамангапова Айнура Кыдыраалиевна

ага окутуучу
Эл. почта: ainura-20.69@mail.ru
Кеңири...