Гидротехникалык курулуш кафедрасы 1951-жылы негизделген жана факультеттин эң эски кафедраларынын бири болуп саналат. КР эмгек сиңирген ойлоп табуучусу КР УИА академиги Я.В. Бочкарев 20 жылдан ашык жетектеп, кафедранын өнүгүүсүндө чоң роль ойногон. Ар кайсы мезгилдерде кафедрада белгилүү көрүнүктүү окумуштуулар иштеген: академик Э.Э. Маковский, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери М.Н. Большаков, В.А. Рожнов профессор, техника илимдеринин доктору Жумабаев Б., Мельников Б.И., Лавров Н.
Кафедра калыптангандан баштап 6 доктролук жана 40 ашык кандидаттык диссертациялар жакталган. Кафедра негизиделгенден баштап аспиранттар жана окумуштуулар Франция, Кытай, Вьетнамдан, Орто Азия жана Казакстан республикаларынан тажрыйбадан өтүшкөн.
Кафедрада туруктуулук, бекемдүүлүк, жаңы курулмалады иштеп чыгуу жана гидротехникалык курулмалардын гидравликасын автоматташтыруу иштери жүргүзүлөт. Кафедранын кызматкерлери жана студенттери аткарган илим изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары грамота, күбөлүк, патенттер менен белгиленип жана өндүрүштөө кеңири колдонууга көрсөтмө алынган. Алардын ичинен 40 ашык гидравликалык авторегулятор, 2 суу алуучу курулманы автоматташтыруу суу түйүнү, 20дан ашык автоматташтырылган суу бөлүштүргүч жана суу таштоочу курулма ишке берилген. Акыркы 5-жылда кафедрада 19 ойлоп табуу боюнча Кыргыз республикасынын патенти алынган.
2005-2021 жылдары кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент Бекбоева Р.С. жетектеп келген, гидротехника тармагындагы 80ден ашык ойлоп табуулардын автору.
Азыркы убакта кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент Баялиева Ж.А. жетектейт. Кафедрада т.и.д., профессор Бейшекеев К.К, т.и.д., профессор Логинов Г.И., доценттер Исмаилова К.Ж., Абдыгазиев К.К., Ботоканова Б.А, ага окутуучу Жамангапова А.К., инженер Жолдошева М. иштешет.
Кафедранын миссиясы эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алган, гидроэлектрстанцияларды, суу сактагычтарды, тоо кен ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана башка гидротехникалык курулуштарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу жана эксплуатациялоо боюнча ишмердүүлүк үчүн терең билимге жана кесиптик көндүмгө ээ болгон жогорку квалификациялуу адистерди жана илимий кадрларды даярдоо болуп саналат.Кафедра «Гидротехникалык курулуш» багыты боюнча бакалаврларды, ошондой эле «Гидротехникалык курулуш» магистратурасы боюнча магистрлерди даярдап чыгарат.КР гана эмес, бүткүл дүйнөдө: сугат дыйканчылыгына, гидроэнергетикага, жаңы плотиналарды, дамбаларды, суу алгычтарды жана башка гидротехникалык курулуштарды куруу жана калыбына келтирүү үчүн гидротехниктерге муктаждык өтө жогору.
Кафедранын бүтүрүүчүсү ГЭСтерди, суу сактагычтарды, тоо-кен ишканаларынын калдыктарын сактоочу жайларды ж.б. гидротехникалык курулуштарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууда жана эксплуатациялоодо, ошондой эле төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын түзүмдөрүндө иштей алат: Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, муниципалдык өз алдынча башкаруу органдары ж.б.
Кафедра гидротехникалык курулумалардын туруктуулугун, бекемдигин, жаңы конструкцияларын иштеп чыгуу жана гидротехникалык автоматташтыруу боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Кафедранын кызматкерлери жана студенттери тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары дипломдор, сертификаттар, патенттер менен сыйланып, өндүрүшкө киргизилген, алардын ичинен 40тан ашыгы гидроавтоматтык суунун деңгээлин жөнгө салгычтар, 2 автоматташтырылган суу алуучу гидротүйүн, 20дан ашыгы автоматташтырылган суу бөлүштүрүүчү жана өткөрүп түшурүүчү курулмалар. Акыркы 10 жылдын ичинде кафедра ойлоп табууга КРнын 36 патентин алган.
Кафедра негизделгенден бери 6 докторлук жана 50дөн ашык кандидаттык диссертациялар корголгон. Кафедранын базасында ар кайсы жылдарда Франциядан, Кытайдан, Вьетнамдан, Орто Азия республикаларынан жана Казакстандан аспиранттар жана окумуштуулар даярдалган.
Окуу иштерин жүргүзүү үчүн кафедрада керектүү окуу-техникалык база бар. Кафедрада лабораториялык жана практикалык сабактар, ошондой эле магистранттар менен аспиранттардын илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүчү бир катар лабораториялар жана аудиториялар бар: гидравлика жана гидротехникалык курулуштар, насостор жана насостук станциялар, курулуш материалдар жана топурак (грунт) механикасы лабораториялары, макеттер жана приборлор менен жабдылган курулуш конструкцияларынын окуу кабинети.
Ф.И.О. | Баялиева Жамила Аскаровна |
Туулган куну, жылы: | 26 март 1962ж. |
Туулган жери: | Ошской обл., Караван айылы, Жаны –жол району |
Иштеген жери, ээлеген кызматы :
| К.И.Скрябин атындыгы Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги Гидромелиорация, Экология жана Жерге жайгаштыруу факультетинин гидротехникалык курулуш кафедрасынын доцентин милдетин аткаруучу |
Билими: | 1984-жылы Кыргыз улуттук университетин физика факультетин “физик” адистиги боюнча дипломуна ээ болгон. 2008- жылы экинчи жогорку билим жөнүндө “Жерге жайгаштыруу” боюнча дипломго ээ болот. 2016-жылы 25.00.20. шрифти боюнча – «Геомеханика, разрушение пород взрывом, рудничная аэрогазодинамика и горная теплофизика» илимий изилдөө иштерин аяктап кандидаттык диссертациясын коргопгон. |
Илимий даража: | Техникалык илимдеринин кандидаты 25.00.20. шрифти боюнча – «Геомеханика, разрушение пород взрывом, рудничная аэрогазодинамика и горная теплофизика» |
Сыйлыктар:
| 2008ж. – К.И.Скрябин атындагы КУАУнун «Ардак грамотасы» 2009ж. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба депортаментинин «Ардак грамотасы» 2010ж.- Кыргызгипрозем «Ардак грамотасы» 2011ж.- Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министирлигинин «Ардак грамотасы» 2018ж.- Кыргызстан профсоюздук Федерациялык Советинин президиумунун «Ардак грамотасы» |
Жалпы иш тажрыйбасы: | 43 жыл |
Иш тажрыйбасы:
| 1984- жылы Ош облусунун Жаны-жол районундагы Караван айлында Ж.Боконбаев орто мектепте физика боюнча мугалим болуп иштейт. 1988-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетинде “Полупроводники и диэлектрики” кафедрасында инженер болуп иштейт. 1995 жылдан тартып К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Гидромелиорация факультетинде методист болуп иштеген. 2016-2018жж. Жерге жайгаштыруу кафедрасында уулу окутуучу болуп иштеген. 2018 жылдан азыркы учурга чейин ТГК кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу |
Илимий изилдөө чөйрөсү: | Жер жонундо илим |
Жарыяланган эмгегинин саны: | 30 ажык илимий эмгектер, анын ичинде 9 методикалык көрсөтмөлөр жарыяланган |
Окула турган сабактар:
| 1. Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу,2. Илимий изилдөөлөрдүн негиздери, 3. Метрология, стандартизация, сертификация жана сапатты башкаруу, 4. Метрология, стандартизация, сертификацияныни негиздери 5. Гидравлика, 6. Сандык ыкмалар менен инженердик маселелерди чечүү, 7. Гидравликанын негиздери, 8. Суюктуктун жана газдын механикасы.Аспиранттар үчүн төмөнкү дисциплиналар:1. Математикалык моделдөө ыкмалары менен инженердик маселелерди чечүү, 2. Илимий негиздеринин Изилдөө ыкмасы, 3. Альтернативдик энергия булактары, ошондой эле бакалавр жана магистрдик диссертацияларга жетекчилик кылат. |
Практика жана жогорулатуу курстары квалификациясы:
| 1. «Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына кароо», 2018ж. 2. «Эл аралык суу укугу» USAID-CAREC долбоорунун алкагында: «Суу боюнча билим жана кызматташтык». 3. USAID-CAREC долбоорунун алкагында «Суу ресурстарын башкаруу жана суу ресурстарын башкаруунун экологиялык куралдары»: «Суу боюнча билим берүү жана кызматташтык».2019 4. «Тестти окуу процессинде колдонуунун теориясы жана методикасы», 01.02.2019ж. 5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институту, “Окуу сабаттуулугу боюнча компетенцияларды калыптандыруу жана баалоо” (72 саат өлчөмүндө) ), 2021. |
Негизги илимий эмгектер: | Геомеханика жана гидротехника тармагында 30 илимий эмгектери жарыяланган. |
Тилдерди билүү: | кыргыз (эне тил), орус , англий (сөздүк менен) |
Көндүмдөр: | Пакет MS Office (Word, Excel, Power Point, Corel Draw, Auto Cad, Mathcad) |
Ф.А.А. Исмаилова Кульнара Джанчаровна
Туулган куну, жылы: 27.12.1967ж.
Иштеген жери,
ээлеген кызматы:
К.И.Скрябин атындыгы Кыргыз улуттук
агрардык университетиндеги Гидромелиорация,
Экология жана Жерге жайгаштыруу
факультетинин гидротехникалык
курулуш кафедрасынын доценти.
Билими:
1987-1992жж. К.И.Скрябина атындагы
«Ардак Белгиси» ордендүү Кыргыз айыл
чарба институту. Гидромелиорация
адистиги боюнча инженер-гидротехник квалификация.
2001-2004жж – 25.00.20 – Геомеханика,
тоо тектерин жардыруу менен талкалоо,
рудалык аэрогазодинамика жана тоо
термофизикасы” адистиги боюнча К.И.Скрябин
атындагы КУАУ сырттагы аспирантура.
Илимий даража: доцент
Илимий наамы: техникалык илимдердин кандидаты
Сыйлыктар:
2010ж. – КАУнун Грамотасы.
2015ж. – «Суу чарба жана мелиорация
департаметинин» Ардак Грамотасы.
2015ж. – Суу чарбасынын отличниги (төш белги).
2016ж. – КУАУнун Ардак грамотасы.
Жалпы иш тажрыйбасы: 36 жыл.
Иш тажрыйбасы:
1992ж. – Калинин ССБ, башкы инженер 1997ж. – Гидравлика жана ТГК кафедрасынын уулу лаборанты 1998ж. – Гидравлика жана ТГКкафедрасынын ассистенти 2000ж. – Гидравлика жана ТГК кафедрасынын ага окутуучу
2010ж. – ТГК кафедрасынын т.и.к., доценттин милдетин аткаруучу
2013 – жылдан азыркы учурга чейин ТГК кафедрасынын доценти
Илимий изилдөө чөйрөсү: Геомеханика (тектердин физикалык-механикалык касиеттерин, алардын чыңалуу абалын, табигый факторлордун таасири астында жүрүп жаткан деформация жана бузулуу процесстерин изилдөөчү илим); Гидротехникалык курулуш.
Жарыяланган эмгегинин саны: 40тан ашык илимий эмгектери жарык көргөн, илимий басылмалар да мезгил-мезгили менен магистранттар менен авторлош болуп чыгып турат. Атайын дисциплиналар боюнча 15 колдонмо иштелип чыккан.
Окуутучу сабактары:
Бакалавр Курулуш материалдары жана буюмдары, Материал таануу, Курулуш иштерин негизи, Грунттун механикасы, Негиздер жана пайдубалар, Имараттар менен курулмалардын инженердик системалары, Имараттар менен курулмалардын сейсмикалык туруктуулугу.Магистратура Геомеханика, Айлана-чөйрөнү инженердик коргоо, Курулуштагы илимий-техникалык көйгөйлөр.
Практика жана жогорулатуу курстары квалификациясы:
1. «Педагогика жана психология» программасы боюнча кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу, январь 1999-ж.2. Компьютердик сабаттуулук, 2000-жыл3. «Интерактивдүү окутуу методдору», Германиянын Техникалык Кызматташтык Коомунун GTZ долбоорунун алкагында, 2007-ж.4. «Жашыл экономикага киришүү: концепциялар жана чакырыктар», 2015-ж.5. «Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына кароо», 2018ж.6. «Эл аралык суу укугу» USAID-CAREC долбоорунун алкагында: «Суу боюнча билим жана кызматташтык».7. «Тестти окуу процессинде колдонуунун теориясы жана методикасы», 01.02.2019ж.8. USAID-CAREC долбоорунун алкагында «Суу ресурстарын башкаруу жана суу ресурстарын башкаруунун экологиялык куралдары»: «Суу боюнча билим берүү жана кызматташтык».9.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институту, “Окуу сабаттуулугу боюнча компетенцияларды калыптандыруу жана баалоо” (72 саат өлчөмүндө) ), 2021.10. «Климаттык жана маалыматтык билим берүү. Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын Париж макулдашуусуна Кыргызстандын улуттук тарабынан башкарылуучу салымдары боюнча сунуштарды даярдоо жана чогултуу, 2021-жыл, апрель.
Негизги илимий эмгектер: 1. Суу сактагычтын дамбанын чыңалуу-деформациялык абалына тийгизген таасири. Казак транспорт жана коммуникациялар академиясынын жарчысы. М.Тынышпаева. 2005, №4, Алма-Ата.- С.26-33., 2010-ж.2. Плотинанын деформацияланган абалы жана суу сактагычты түзүүдө анын өзгөрүшү. КГУСТА Жарчысы, №4, – Бишкек.- С.339-344, 2012-ж.3. Суу сактагычтын дамбанын денесиндеги чыңалуулардын кайра бөлүштүрүлүшүнө тийгизген таасири. Известия КТУ, №18, – Бишкек.- С.339-342, 2015-ж.
Тилдерди билүү: кыргыз (эне тил), орус , немисче (сөздүк менен) англисче (сөздүк менен).
Көндүмдөр: Пакет MS Office (Word, Excel, Power Point, Corel Draw, Auto Cad, Mathcad)
Ф.А.А: Абдыгазиев Калысбек Каныметович
Туулган жылы: 26 август 1967 жыл.
Туулган жери: Нарын областы.
Кызматы жана иштеген орду: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) «гидротехникалык курулуш» (ТГК) кафедрасынын башчысын милдетин аткаруучу.
Билими: 1991 ж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация факультети, инженер-гидротехник.
1994 – 1997 жж. Кыргыз агрардык академиясынын гидравлика жана гидротехникалык курулуш кафедрасынын аспирантурасы.
2008 ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин гуманитардык билимдер институту, өндүрүштөгү эсеп, анализ жана аудит.
Илимий даражасы: техника илимдердин кандидаты.
Академиялык наам: –
Сыйлыктары: –
Жалпы эмгек стажы: 38 жыл.
Иш тажрыйбасы:
Илимий изилдөө чөйрөсү: Грунт жана тоо тектеринин механикасы, геомеханика, гидротехникалык курулуш.
Жарыяланган эмгектеринин
саны: 18
Окуутучу сабактары: Дарыя гидротехникалык курулмалары (ГТК), ГТКды реконструкциялоо, ГТКдын ишин гидротехникалык автоматташтыруу, ГТКды эксплуатациялоо, Суу ресурстарын комплекстүү башкаруу, Курулуштагы укуктук-ченемдик актылар.
Квалификацияны жогорулатуу курстары: · Эл аралык Бизнести жүргүзүүнүн саясаты, Бишкек, Бишкек, 2017 ж. · Гидротехникалык курулмалардын коопсуздугу, Санкт-Петербург, Россия, 2017 ж. · Уюмдарда комплаенс маданиятын түзүү жана комплаенс тобокелдиктерин башкаруу, Бишкек, 2019 ж. · Кыска курс “Aspects of tailings facility modeling. Design – forecasting the capacity of the tailings facility». USA, CA (on line), 2020 ж. · Кыска курс “Modern technologies of auxiliary enrichment processes, thickening, dehydration, hydraulic structures and water circulation”, Transeuropean Centre Limited, London, UK (on line), 2021 ж. |
Негизги илимий иштери:
Тилдерди билүүсү: Кыргыз тили – эне тили, орус тили – эркин, англис тили – орто.
Көндүмдөр: ОС Windows 10, MS Office 13 пакети, Microsoft Project, AutoCAD, Gemcom. DigiPro Inclinometer Software, Ellipse Enterprise Asset Management ж.б.
Ф.А.А: Ботоканова Бактыгул Асанкожоевна
Туулган жылы: 15 март 1967 жыл.
Туулган жери: Нарын областы Жумгал району
Кызматы жана иштеген орду: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) «гидротехникалык курулуш» (ТГК) кафедрасынын ага окутуучусу
Билими: 1990 ж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация факультети, инженер-гидротехник.
2002 – 2006 жж. КР Улутттук академисындагы Геомеханика жана жер казынасын иштетүү институтунун аспиратурасы
Жалпы эмгек стажы: 36 жыл.
Иш тажрыйбасы:
Илимий изилдөө чөйрөсү: Геомеханика, тектерди жардыруу менен талкалоо, рудник аэрогазодинамикасы жана тоо-кен жылуулук физикасы, гидротехникалык курулуш.
Жарыяланган эмгектеринин
саны: 21
Окуутучу сабактары: Гидротехникалык иштердин өндүрүшү, Курулуш технологиясы, Айлана-чөйрөнү башкаруу жана сууну пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу жана өндүрүш технологиясы, Тоо-кен иштерин куруу жана бекитүү, Сандык методдор жана программалоо.
Квалификацияны жогорулатуу курстары: · Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы “Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо”. 2003ж. Бишкек ш. · Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому (GIZ) «Борбордук Азиядагы айыл чарба тармагынын адистерин жана менеджерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу». 2007ж. Бишкек ш. · АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) менен Борбордук Азиянын Аймактык Экологиялык Борборунун (ЦАРЭК) биргелешкен долбоору «Суу чарбасы жана суу чарбасы боюнча экономикалык аспаптар». «Суу, билим жана кызматташтык». 2018 ж., 2019 ж., 2020 ж., 2021ж. Бишкек ш. · Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз улуттук агрардык университети. К.И. Скрябин, Коомдук технологиялар борбору «Билим берүү процессинде тестти колдонуунун теориясы жана методдору». 2019ж. · The European Journal of Technical and Natural Sciences № 32018, Vienna, Austria Жогорку академиялык квалификацияны ыйгаруу диплому. 2018ж. |
Негизги илимий иштери:
Тилдерди билүүсү: Кыргыз тили – эне тили, орус тили – эркин,
англис тили – словарь менен.
Көндүмдөр: ОС Windows 10, MS Office 13 пакети, Microsoft Project,
графикалык редактор CorelDraw жана башкалар,
MATHCAD программасы
Ф.А.А. Жамангапова Айнура Кыдыраалиевна
Туулган куну,жылы: 20.02.1969ж.
Кызматы жана иштеген орду: К.И.Скрябин атындыгы Кыргыз улуттук
агрардык университетиндеги Гидромелиорация,
Экология жана Жерге жайгаштыруу
факультетинин
гидротехникалык курулуш кафедрасынын
ага окутуучусу.
Билими: 1988-1993жж. К.И.Скрябина атындагы «Ардак
Белгиси» ордендүү Кыргыз айыл чарба
институту. Гидромелиорация адистиги боюнча
инженер-гидротехник квалификация.
2016-2018ж.ж К.И.Скрябин атындыгы Кыргыз
улуттук агрардык университети
Гидротехникалык курулмалар багыты боюнча
«Магистр»академилык даражасы ыйгарылган.
25.00.20-Геомеханика, тоо тектерин жардыруу
менен талкалоо, рудалык аэрогазодинамика
жана тоо термофизикасы” адистиги боюнча
К.И.Скрябин атындагы КУАУ 4-курсунун
аспиранты.
Илимий даража: –
Илимий наамы :-
Сыйлыктар: 2018ж «Суу чарба жана мелиорация
департаметинин» Ардак Грамотасы.
Жалпы иш тажрыйбасы: 23ж
Иш тажрыйбасы:
Илимий изилдөө чөйрөсү: Геомеханика (тектердин физикалык-механикалык касиеттерин, алардын чыңалуу абалын, табигый факторлордун таасири астында жүрүп жаткан деформация жана бузулуу процесстерин изилдөөчү илим); Гидротехникалык курулуш.
Жарыяланган эмгегинин саны: 17 илимий эмгектер, анын ичинде 8
методикалык көрсөтмөлөр жарыяланган.
Окула турган сабактар: Архитектура жана курулуш
конструкцияларынын негиздери,
Курулмаларды долбоорлоодогу компьютердик
технологиялар, гидротехникалык
курулмаларды компьютердик долбоорлоо,
курулуш конструкциялары,
курулуш механикасы.
Квалификацияны жогорулатуу курстары:
Негизги илимий эмгектер:
Тилдерди билүү: кыргыз (эне тил), орус, англис (сөздүк менен)
Көндүмдөр: Пакет MS Office (Word, Excel, Power Point, Corel Draw,
Auto Cad, Mathcad)