Факультет гидромелиорации, экологии и землеустройства

2021-жылдын 10-декабрында, Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин “Мелиорация жана суу ресурстарын башкаруу” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы

2021-жылдын 10-декабрында, Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин “Мелиорация жана суу ресурстарын башкаруу” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, Чуй облусунун Москва районундагы А.Жапаров атындагы орто мектептин 9-11-классынын окуучуларына профориентациялык иш-чара өткөрүштү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук Суу Шериктештиги Өкмөттүк эмес уюмунун координатору К.А.Мусабаева жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин СПАларды колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Дж.К.Садабаева тарабынан демилгеленип, өткөзүлдү.

Иш-чарада факультеттин деканы профессор А.Самыкбаев КУАУдагы баардык факультеттер, адистиктер тууралуу кенен маалымат берип, 2022-2023-окуу жылына окууга келип тапшырууга чакырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө, келген окуучулар Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинде жайгашкан “Суу музейи” менен  Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетиндеги “Көчмөн маданиятынын” музейинде болушту.